Connect with us

Жээнбеков Орусияга, андан ары Венгрияга барат

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 767 | 0
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. Бүгүн ал тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен визитти уюштуруу маселесин талкуулады.

Венгрияга расмий визит менен баруу тууралуу 2018-жылдын сентябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга расмий сапары менен келген учурунда макулдашылган.

Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусу талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын спикери Ласло Кёвер менен да жолугушуулар уюштурулат.

Венгрияга барардын алдында 28-сентябрда Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барат. Ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт.

Чыңгыз Айдарбековдун маалыматы боюнча, чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунун саны быйыл 45ке жетти, 2017-жылы 37 болчу.

Мамлекет башчы чет мамлекеттердеги мекендештердин добуш берүү процессиндеги коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык санитардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM