Биз менен байланышыңыз

Быйыл 140 мамлекеттик кызматкер шайлоого аттанды

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 732 | 0

Башкы прокуратура парламенттик шайлоого аттанган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоо мыйзамдарын канчалык сактагандыгына анализ жүргүздү.

Башкы көзөмөл органы Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмесин текшерүүдө 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер талапкер болуп катталганын аныктады.

Алардын арасында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бар. Алар шайлоого талапкер болуп катталганга чейин белгиленген тартипте ыйгарым укуктарын токтоткон.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештерден 85 депутат талапкер катары катталган.

Башкы прокуратура мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого байкоочу, ыйгарым укуктуу өкүл жана саясий партиялардын ишенимдүү адамы катары катышуусуна коюлган чектөөлөрдүн сакталышы боюнча да документтерди изилдеп чыкты.

Башкы көзөмөл органы шайлоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылууну улантат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат. Өлкө боюнча 3,5 миллиондой шайлоочу катталды. Шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алган партия парламентке келет.

Copyright © 2017 Maral FM