Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги жумушсуздар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 503 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги АКШнын Coursera уюмунун жумушчу күчүн калыбына келтирүү программасынын алкагында жумушсуздар жана башка каалоочулар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат. 

Платформада катышуучуларга IT, гуманитардык илимдер, экономика, физика, медицина, ишкерлик, маркетинг сыяктуу керектүү кесиптерге багытталган 4300дөн ашуун курстар, ошондой эле, дүйнөдөгү эӊ мыкты деп табылган Stanford, Yale, Princeton, MIT  сыяктуу университеттеринен сунушталат.

Курсту аяктагандан кийин акысыз сертификат берилет жана аны менен дүйнөлүк мейкиндикте жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Программа COVID-19 пандемиясынын таасиринин шартында, жумушсуз калгандарга колдоо көрсөтүү жана жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен эл аралык эмгек рыногунда жарандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Катышуучулар 30-октябрга чейин англис жана орус тилдеринде курстарга жазыла алат.

Окутуу программасына катышуу үчүн онлайн форманы ушул шилтеме менен кирип толтурса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM