Биз менен байланышыңыз

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 481 | 0

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу 1-октябрга чейин электрондук капчыктарды идентификациялоо зарыл, болбосо финансылык операциялар токтой тургандыгын Улуттук банк эскертет.

Электрондук капчыктарын идентификациялоо үчүн жарандар тиешелүү коммерциялык банктарга, төлөм жүргүзгөн уюмдарга, уюлдук байланыш операторлоруна кайрылышы керек.

Каалагандар үчүн идентификациядан онлайн өтүүгө да мүмкүнчүлүк бар.

Улуттук банк бардык суроолор боюнча тейлеген коммерциялык банкка/төлөм уюмуна, төлөм уюмунун агентине (уюлдук байланыш оператору) кайрылууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM