Биз менен байланышыңыз

Баткенде үй шартында той өткөргөн 9 кишиге айып салынды

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 1028 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппарат жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлерден түзүлгөн облустук комиссия, район шаарларда беткап тагуу режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүүдө.

Жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди. 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды.

Бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айып салынды.

Баткен облусунда эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон сакталууда. Облуста коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2831ди түзөт. Акыркы бир суткада Баткен облусу боюнча коронавирустун жаңы 41 учур катталды. Бул — Ош облусунан кийинки илдет эң көп катталган аймак. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM