Биз менен байланышыңыз

Ишкерге кол салууга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 358 | 0

Бишкек шаарында жеке ишкерге кол салып, акчасын уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 21:00дө белгисиз эки адам Бишкектин Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде Д.Ш. аттуу жаранга кол салган. Алар белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ишкерди эски аэропортко алып барышкан. Анын 500 долларын жана 12 миң сом акчасын алып кетишкени аныкталды.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ушул жылдын февраль айында иштин материалдары ИИМдин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-беренесинин 1,2,3, бөлүмдөрү менен (курал-жарак колдонулуп, бир нече кишинин катышуусундагы каракчылык) иликтене баштаган.

Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында, ыкчам-иликтөө иш-чараларын баштаган. Натыйжада шектүү катары Талас облусунун А.Д. аттуу 25 жаштагы жашоочусу Бишкекте кармалган. Ал мурда соттолгону аныкталды. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат.

Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM