Биз менен байланышыңыз

Беткап тагыңыз. Балбак Түлөбаев ноябрда абал курчуп кетерин айтат

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 432 | 0

Бишкек мэриясынын аппаратынын мурдагы жетекчиси, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев коронавирустун экинчи толкунунан сактанууга чакырат.

Ал учурда вирус көбүрөөк каттала баштаганын, октябрдан тарта дагы көбөйөрүн, ноябрда болсо абал курчуп кетерин айтууда.

“Жайында эпидемия түштүк жарым шарга жайылган — анда ал жакта кыш болуп турган. Эң оор кырдаал Бразилия жана Чилиде катталды. Перуда бир айда эле 50 миң адам өлдү. Бул — чоң көрсөткүч. Ошондуктан дагы карантинге жабышат, буга олуттуу караш керек”, -дейт Балбак Түлөбаев.

Ал коронавирустун жайылышынан коргонуунун жалгыз жолу беткап тагынуу экенин айтат.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, 175 жаңы учур катталды. Жалпы учурлардын саны 45 миң 932ге жетти. Вирустан айыккандар — 42 миң 147, каза болгондор — 1063 киши.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM