Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы менен Бизнес-акыйкатчы институту кызматташат

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 377 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчынын орун басарлары Нурлан Мүсүралиев жана Сергей Пономарев менен жолукту.

Анда салыктык башкаруу, ишкерлердин аймактык салык органдары менен кызматташуусу, Салык кызматы жана бизнес-акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташтык талкууланды.

Мекеменин төрагасы Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчы институту менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин айтты. Ал салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ак ниетсиз ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу боюнча фискалдык органдын иштери жөнүндө маалымат берди.

Бул максатта “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоору ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз негизде жолугушууларды өткөрүүгө макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM