Биз менен байланышыңыз

Сасык тумоо жана коронавирус менен бир учурда ооруп калуу коркунучу бар

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 555 | 0

Адам бир эле убакта эки оору менен− сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы менен ооруп калып, ал оор абалда өтүү коркунучу бар. Ошондуктан коронавирустун курчушуна жол бербеш үчүн курч респиратордук вирустук жугуштуу илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүү зарыл.

Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, тобокел топко киргендердин 45% эмдөөдөн акысыз өткөрүлдү. Өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүүнү каалагандар үчүн 25 жеке клиника акы төлөнүүчү негизде вакцинациялоо иштерин уюштурат. Анын наркы 450-750 сом болууда.

Учурда 13 жеке менчик медициналык борбор бул багыттагы жумуштарын жүргүзүп жатат. Калган клиникаларда санитардык кызматтар талаптардын аткарылышын текшерүүдө.

«Биз бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынан толук арыла элекпиз. Илдетти жугузуп алган учурлар айрым аймактарда көбүрөөк каттала баштады. Муну менен катар сасык тумоо оорусу менен ооруй турган учур да жакындап калды. Ошондуктан эмдөө иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш», — деди Баатырбеков.

Жыйындын жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абал талкууланды. COVID-19дун тастыкталган учуру көп катталып жаткан региондорго Бишкек шаарынан дарыгерлерди жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM