Биз менен байланышыңыз

Ички иштер органдарына болгон ишеним жогорулаганын эл сезе алдыбы?

Коом , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 523 | 0

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы элдин саламаттыкты сактоо уюмдарына, айыл чарбасындагы жана ички иштер органдарына болгон ишеними жогорулаган. Айрым эксперттер ага аталган органдардын карантин учурундагы кыймыл-аракети себеп болгонун белгилешет. Бирок «алар аргасыздан буйруктарды аткарды», «калктын ишеними жогорулаган жок», «индекс жасалма түрдө көрсөтүлүп жатат» деген активисттер да бар. Чындыгында калктын жогоруда аталган 3 органга ишеними жогоруладыбы? Кабарчыбыз эл аралап, сурамжылоо жүргүздү.


2020-жылдын ичинде 3 органга болгон элдин ишеними жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин тарабынан чыгарылып туруучу калктын ишеним индексинин көрсөткүчүнө таянып, өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, айыл чарбасындагы органдарга өткөн жылы 24,9 балл берилсе, быйыл элдин ишеничи 33,5 баллга көтөрүлдү.  Ал эми саламаттык сактоо уюмдарына өткөн жылы 17 балл берилсе, быйыл 36,7 баллга жогорулады.

Саламаттыкты сактоо уюмундагы маселелер, майда коррупциялар элдин ишенимин түшүрүп жиберген болчу. Элдин ишенимине ээ болуш үчүн көп аракеттер керек. Өкмөт калкка татыктуу кызмат көрсөтүү багытындагы иштерди жүргүзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Элибиз ар бир органдын кандай иштеп жаткандыгын көрүп турат. Иштеп жаткан адамды эч качан иштеген жок деп айтпайт. Эл калыс. 

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына болгон элдин ишеними өткөн жылы 15,1 балл болсо, быйыл 40,8 баллга көтөрүлдү. Бул калк арасында коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучулук-тескөөчүлүк милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга болгон ишеним жогорулаганын кабар берет.

Ага ички иштер органдарындагы санариптешүү, милициянын карантин убагында элге көрсөткөн кызматы себеп болду. Мындай пикирин милициянын отставкадагы полковниги, ИИМдин ардагери Шамшыбек Мамыров билдирди

— Өзгөчө пандемия шартында милициялар эл менен иштеген бирден-бир орган болуп калды. Постторду кайтарып, оорулууларды жеткирип, ошол эле кезде гуманитардык жардамдарды ташышты. Мындан сырткары, ишенимдин артышына патрулдук милиция таасир этти. Анткени мурдагыдай көчөдө бурч-бурчка туруп алып айдоочуларды токтоткондор жок. Эреже бузуу фото жана видео тартылган соң айдоочуну токтотуп, тиешелүү чара көрүп жатышат. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри ишке кирип, бардык тартип бузуулар катталганы да элдин ишениминин артышына, көз карашынын өзгөрүшүнө өбөлгө түздү.  

Ал эми жарандык активист Гүлжигит Исаков элдин ички иштер органдарына болгон ишеними жогорулаганына ынанбайт. Ал Улуттук статистика комитети калктын ишеним индексин жасалма жол менен жогорулатып жатканын айтып, карантин убагында кызматкерлер аргасыздан жогорудан келген буйрукту аткарганын белгилейт.

— Офицерлер, күч структураларынын кызматкерлери — буйрукту гана аткаруучулар. Алар аргасыздан аткарып жатышты. Балким, эл эмоционалдык оор кырдаалда алардын көчөдө турганына боору ооруду. Бирок азыр пандемия болбогондой, эл шайлоо менен алаксып отурат. Ички иштер органдарына болгон ишенимдин жогорулашына ишенбейм. Булардын баары жасалма, пиар максатында жасалууда. Мен буга ишенбейм. Алдыда жакшы реформалар болот. Ошондо гана мекемелерге ишеним келерине ынанам.  

Биз коомчулуктун ички иштер органдарына болгон ишеними кандай экенин сурап көрдүк.

— Милицияга ишенем, бирок толук эмес. Анткени кээде чакырганда келбей коюшат. 

— Ишенем, арасында жакшы иштегендер бар.

— Жок, ишенбейм.

— Мен ишенбейм. Анткени бизде мыйзамдар иштебейт. Баары акча менен чечилет. 

— Патрулдук милицияда жакшыруу бар экени көрүнүп турат. 

— 50% гана ишенем, анткени кандай иштешерин көргөм. Ак иштеген кызматкерлер жок эмес. 

— Карантинде тартипти сактап, көзөмөлдөө жагында мыкты иштешти.  

Айта кетсек, Улуттук статистика комитети 2012-жылдан тартып 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде «Калктын ишеним индексин» түзөт. Жооптордун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, сапаты, жарандар менен өз ара кызматташуусу аныкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM