Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 341 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу  маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Быйыл январь-июль айларында акча которуулардын көлөмү 1 млрд 225 млн 300 мин долларды түздү. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөн.

Алыбаев акча которуулардын кыскарышына жарандардын мекенине кайтышы жана иштеген өлкөлөрдө ишканалардын жабылышы себеп болгонун айтат.

Экономика министрлигинин божомолу боюнча, 2021-жылдын ортосуна барып экономиканын өсүшү 4,5 пайызга жетет.

«Парламенттик шайлоо да экономикага оң таасирин тийгизет. Анткени талапкерлер акча каражаттарын жарнама кызматтарына, транспортко, мейманкана чыгымдарына жана башкаларга жумшап жатышат», — дейт министрдин орун басары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM