Биз менен байланышыңыз

Быйыл 25 миңден ашык түгөй баш кошту

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 454 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, бүгүн Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 15 жаш түгөй баш кошот.

2020-жылдын 1-январынан 23-сентябрга чейин Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон. Ал эми былтыр 33 миң 929 жуп үй-бүлө курган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 113 миң 922 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM