Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстандын экономикасы төмөндөдү

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 443 | 0

2020-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 пайызга кыскарды. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев кабарлады.

Быйыл январь-июль айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3083,7 млн долларды түздү. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга кыскарганын билдирет.

Анын ичинде экспорт 1,7 пайызга көбөйдү, импорт 30 пайызга төмөндөдү. Малды экспорттоо 3,4 пайызга, кагаз жана кагаздан жасалган продукцияларды экспорттоо 2,8 пайызга, сүт жана жашылча жемиштерди экспорттоо 11 пайызга өстү.

Кыргызстанда 8 айдын жыйынтыгында социалдык-экономиканын өсүү темпи 5,9 пайызды түздү. Курулуш тармагы 7,8%, кызмат көрсөтүү тармагы 9,8 пайызга төмөндөдү.

Ал эми айыл чарба тармагында 1,8 пайыз, өнөр жай тармагында 0,2 пайыз өсүү болду.

Алыбаевдин айтымында, быйыл көптөгөн өлкөлөр чек арасын жапкандыктан жана ар кандай транспорттук каттамдардын кыскаруусунан импорттун көлөмү кескин төмөндөп кетти.

ЕАЭБ өлкөлөрүн ала турган болсок, экономиканын өсүү темпи 2019-жылга караганда Орусияда 4,3%, Казакстанда 3%, Беларусияда 1,3 пайызга түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM