Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги: Бизге элдин ишеними жогорулады

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 607 | 0

Билим берүү жана илим министрлигине карата калктын ишеним индекси 37,3 пайызга көтөрүлдү. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы таратты.

Элдин ишеними 7 пайызга жогорулап, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен министрликтер арасында Билим берүү министрлиги 3-орунга чыкты.

2019-жылы министрлик калктын ишеним индекси боюнча акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүчүн көрсөтүп, министрликтер арасында 7-орундан 4-орунга көтөрүлгөн.

Улуттук статистика комитети 2012 жылдан тарта 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде “калктын ишеним индексин” түзөт.

Жарандардын жоопторунун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн, алардын сапатын, жарандар менен өз ара кызматташуусун аныкташат.

«Калктын ишеним индекси» 3 негизден турат:

-жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними;

-элдин аткаруу бийлигиндеги коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүгү;

-бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жумуштун сапатына жараша баалоосу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM