Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб: Той өткөргөндөргө көзөмөл күчөтүлөт

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 871 | 0

Республикалык штаб массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөргөндөргө  көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. Көзөмөлдү жергиликтүү бийлик органдары, тиешелүү мамлекеттик органдар жүргүзөт, баш ийбегендерге айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөт.

Коронавирус менен 127 адам катталды, 101 адам сакайды

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, айрым райондордо коронавирус жана  өпкөсү сезгенгендер көп катталып жатканын айтты.

“Бул кыргызстандыктардын беткап тагынбай калышына жана чектөөлөргө карабай эл көп чогулган иш-чараларды өткөрүп жатканына байланыштуу. Өкмөт ишкерликти колдоо үчүн антикризистик чараларды, салыктык жеңилдиктерди кабыл алды. Бирок ишкерлер коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жатышат”, -деди Баатырбеков.

Ал тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл аларын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM