Биз менен байланышыңыз

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 26 иш тергелип жатат

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 518 | 0

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде айтылды.

18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган.

Азыркы учурда ЖМКлардагы, интернеттеги билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзүлгөндүгүн, аны менен катар бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында ушундай эле штабдар уюштурулганын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM