Биз менен байланышыңыз

Ишеничтен кеткен салыкчы кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 359 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Иштен алынган бөлүм башчы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 2018-жылы жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысы боюнча кармалган.

Финансы полициясынын маалыматы боюнча, Салык кызматынын Ленин району боюнча бөлүм башчысы башка кызматкерлер менен келишип алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM