Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы иштелүүдө

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 508 | 0

2021-2025-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелүүдө. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде кабарлады.

Бороновдун айтымында, тил мыйзамынын 17-беренесине ылайык, иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат.

«Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – Кыргыз өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бүгүн улутубуз үчүн – улуу майрам. Мамлекеттин негизги символдорунун бири – бул тил. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети кабыл алган мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам, ошол мезгилдин эң чоӊ жеӊиши болгон», -дейт Боронов.

Тил мыйзамынын 2-беренеси боюнча Өкмөт тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.

Өлкөдө «Кыргызтест» системасы түзүлүп, мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген бардык кызматкерлер сынактан өтүп келишет.

Бороновдун айтымында, 20 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өткөн.

Мындан тышкары, «Тил-тест» деп аталган вебпортал иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM