Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 444 | 0

Эртең, 24-сентябрда Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

24-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле №43 мектепте, №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу токтотулат.

Бул оңдоо иштерине байланыштуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM