Биз менен байланышыңыз

«Кыргызтест» мамлекеттик тил боюнча онлайн тест өткөрөт

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 584 | 0

Эртең, 24-сентябрь күнү Бишкек шаарында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси кыргыз тили боюнча онлайн тест өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.

Тест тапшырууга президенттин аппаратынын, Жогорку Кенештин, өкмөт аппаратынын, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана бардык каалоочулар чакырылат.

Ошондой эле Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин кызматкерлери да онлайн катышат.

Мамлекеттик тил боюнча тестте лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп жана окуп түшүнө билүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу жөндөмдөрү бааланат.

Тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга тиешелүү деңгээлдеги сертификат берилет.

Иш-чаранын жүрүшүн «Кыргызтесттин» сайтынан түз көрүүгө болот.

Өткөрүү орду: К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы

Өткөрүү убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин.

Байланыш телефондору: 0(312)886917, 0(550)551214.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM