Биз менен байланышыңыз

Ош милициясына кызматкерлерди тандоонун экинчи туру өтүүдө

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 442 | 0

Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматына иштөөнү каалагандар үчүн кабыл алуу жүрүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 17-сентябрдан баштап 90 штаттык бирдикке кызматкерлерди алуу боюнча сынактын экинчи туру өткөрүлүүдө.

Ош шаарында бул кызматта иштөөнү каалаган 29 жаран арыз тапшырган. Анын тогузу — ички иштер органдарынын кызматкерлери, жыйырмасы —  катардагы жарандар.

Арыздарды жана билдирмелерди кабыл алуу 17-октябрга чейин уланат. Ал үчүн төмөнкү документтер керектелет:

— Арыз;

— паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

— аскердик билет;

— эмгек күбөлүгү;

— билимин тастыктаган документ;

— балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (эгер бар болсо), никеси тууралуу күбөлүк (никеге турган болсо);

— өмүр баян 2 нускамада (колго жазылган жана электрондук түрдө);

— автобиографиялык реферат;

— анкета;

— иш ордунан, окуу жайынан же жашаган жеринен мүнөздөмө;

— пикирлер, сунуштама;

— жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу тактама;

— сүрөт.

Сынакка катышуу үчүн документтерди тапшыруудан мурда бардык талапкерлер кызматка даярдыгын тастыктаган аскердик-дарыгердик комиссиядан күбөлөндүрмөдөн өтүүлөрү зарыл.

Буга чейин Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө 497 талапкер арыз таштаган, анын ичинен 233ү милиционер болсо, 264ү катардагы жарандар болгон.

Биринчи турда 129 талапкер ийгиликтүү өткөн (59 милиция кызматкери, 70 жаран). 1-турду ийгиликтүү өткөндөр 1-сентябрдан баштап ИИМдин Республикалык окуу борборунда 3 айлык курстук окуудан өтүшүүдө.

Окуу программасы кылмыш-жазык укугу, психология, куралдан атуу жана физикалык даярдыктар, жол кыймылынын эрежелерин жана жол кыймылын кол менен жөнгө салууну үйрөтүүнү камтыйт.

Жаңы кабыл алынган кызматкерлер Ош шаарында 2020-жылдын декабрь айынан тарта иштей башташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM