Биз менен байланышыңыз

4-октябрдан тарта умра сапарына уруксат берилет (талаптар)

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 813 | 0

2020-жылдын 4-октябрынан тарта Сауд Араб Падышачылыгынын жашоочулары үчүн умра кылууга уруксат берилет. Бул тууралуу Саудия Кабар Агенттигинин маалыматына таянып, Кыргызстандын муфтиятынын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Маралга» кабарлады.

4-октябрдан тарта умра жана Аль-Харам мечитине баруудагы чектөөлөр акырындык менен алынары айтылды. Чектөөлөр дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 илдетин алдын алуу максатында киргизилген.

Умра кылуу жана ыйык Аль-Харам мечитинде намаз окуу үчүн Ажылык жана Умра министрлиги иштеп чыккан мобилдик тиркеме аркылуу каттоодон өтүү талап кылынат.

Тиркеме умрачылардын жана зыяратчылардын профилактикалык, санитардык талаптарды сактоосун, ошондой эле беткап кийүүсүн, аралыкты сактоо жана бири-бирине жакындабоосун көзөмөлдөө максатында даярдалган.

Каттоодон кийин ага уруксат берилгендиги жөнүндө маалымдама келет. Андан соң жаран автобекетке барып, ал жерден дене табын өлчөтүп, бардык санитардык талаптарды сактагандан кийин автобус менен Аль-Харам мечитине кире турган жерге жеткирилет.

Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык министрлиги чектөөлөрдү 4 этапта алып салууну пландаштырууда:

1-этап 4-октябрдан тарта;

Биринчи этапта Сауд Араб Падышачылыгынын жашоочуларына умра кылууга уруксат берилет, бирок зыяратчылардын саны күнүнө 6 миң адамдан ашпоосу талап кылынат.

2-этап 18-октябрдан тарта;

Бул этапта 15 миңден ашпаган адамга гана умра кылууга уруксат берилет.

Ошондой эле ыйык Аль-Харам мечитине күнүнө 40 миң адам намаз окууга жана Набави мечитиндеги Рауза Шарифти зыярат кылууга болот.

3-этап 1-ноябрдан тарта, бирок ал өлкөнүн эпидемиологиялык абалына жараша болот.

Үчүнчү этапта жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларга умра кылууга уруксат берилет. Күнүнө 20 миң адам умра кыла алат. Ал эми 60 миң адам Аль-Харам мечитинде намаз окуй алышат.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

— Үчүнчү этапта умра кылууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси кийинчерээк ал өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жарыяланат. Ошондуктан биз, кыргызстандыктар, бардык санитардык талаптарды так сакташыбыз керек.

4-этап

Пандемияны жеңгенден кийин чектөөлөр толугу менен алынат.

Copyright © 2017 Maral FM