Биз менен байланышыңыз

Өлкө ЖОЖдоруна 100 миңдей абитуриент онлайн кабыл алынды

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 550 | 0

Кыргызстандын кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларына 2020-2021-окуу жылына жалпы 98 136 абитуриент кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл абитуриенттерди онлайн форматта каттады.

Онлайн кабыл алуу боюнча V турдун жыйынтыгында, жогорку окуу жайларга 42 миңден ашуун, колледждерге II тур менен жалпы 41 миңдей, кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриент кабыл алынды.

Министрлик окуу жайларга аралыктан кабыл алууда баарына бирдей шарт түзүлгөнүн билдирет.

Онлайн кабыл алуунун артыкчылыгы:

  • пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздап, вирустун жайылышына жол бербөө;
  • абитуриенттердин ЖОЖдорго массалык топтолуусунун алдын алуу;
  • абитуриенттер өлкөнүн каалаган бурчунда туруп санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруу;
  • баарына бирдей шарт түзүү:
  • окуу жайларга кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялоо;
  • конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына таасир тийгизүүчү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу.

Кыргызстандагы ЖОЖдор тууралуу кызыктуу фактылар (тест)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM