Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 108 бейтап сакайып, 88 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 458 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 88 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, эң көп учур Баткен менен Ошто аныкталды:

Бишкек — 9;
Ош — 1;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 24;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу — 29.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 45 миң 630га жетти. Вирустан каза болгондордун жалпы саны — 1063 адам.

Учурда ооруканаларда 539 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1677 бейтап бар.

Акыркы суткада коронавирус жуктургандардын бешөө — медициналык кызматкер. Алар: Бишкек шаарында — 1, Ош облусунда — 1,
Баткен облусунда — 3 учур.

Ал эми 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган.

COVID-19 вирусу 3208 медкызматкерге жуккан, анын ичинен 2874 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 108 адам сакайды. Алар:

-Бишкек – 10;
-Ош шаары – 11;
-Чүй облусу – 10;
-Ош облусу – 31;
-Нарын облусу – 2;
-Талас облусу – 4;
-Ысык-Көл облусу – 13;
-Жалал-Абад облусу – 12;
-Баткен облусу – 15.

Коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 41 миң 904.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM