Биз менен байланышыңыз

Аюулар Чернобылга көп жылдан кийин биринчи жолу кайтып келишти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 244 | 0

Быйыл Чернобыль аймагына көп жылдан кийин биринчи жолу күрөң аюулар келгенин Би-Би-Си Украина билдирди.

Белгиленгендей, жаныбарлардын кайтып келүүсү аталган аймакта адамдардын жоктугуна байланыштуу болушу мүмкүн.

«Адамдардын жоктугунан аюулар бизге кайтып келишти. Алар сыягы, Беларусиядан келишет. Алардын саны канча экендиги азырынча белгисиз. Бул жерде буга чейин да кээ бир жаныбарлар туруктуу жашаган болушу мүмкүн. Бул жерде алардын тукуму бар же жок экендиги да белгисиз. Бирок бул башталышы гана. Жүз жылга жакын убакыттан бери бул жерде аюу болгон эмес ”, — деп билдирген зонаны изилдөөчү Сергей Гашчак.

Адистер азырынча аюунун так санын билишпейт. Ошондой эле бул аймакта сүлөөсүндөр менен карышкырлардын бир аз саны байкалган. Карышкырлар да аталган аймакка Беларусиядан келиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM