Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жемкордук боюнча камалган элчи эркиндикке чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 311 | 0

Казакстандын тышкы иштер министринин мурунку жооптуу катчысы Анарбек Карашев жана Казакстандын Өзбекстандагы буга чейинки элчиси Ерик Утембаев эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу КазТАГ жазды.

Маалыматка ылайык, алар 2018-жылы коррупция иштери боюнча кармалып,  эки жылга эркинен ажыратылган.

Казакстандын Өзбекстандагы мурунку элчиси Ерик Утембаев ошол учурдагы өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен иштен алынган. Ал 2018-жылы октябрь айында ири өлчөмдө акча уурдоого шектелип кармалган. Утембаев Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп айтылууда.

Мунун кесепетинен 140 миллион теңгеден ашык зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM