Биз менен байланышыңыз

Бүгүн — Эл аралык тынчтык күнү

Коом , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 1407 | 0

Бүгүн, 21-сентябрь — Эл аралык тынчтык күнү. БУУнун Башкы ассамблеясы 1981-жылдын 30- ноябрында кабыл алган чечимге ылайык, Тынчтык күнү дүйнөдөгү чатактарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу, тычнтык идеяларын жайылтуу максатында кабыл алынган. Ал эми Башкы ассамблеянын 2001-жылкы сессиясы 21-сентябрды Эл аралык тынчтык күнү деп жарыялаган. Бул күндү дүйнө коомчулугу кандай тосуп жатат?

=

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 21-сентябрда Эл аралык Тынчтык күнү белгиленет. Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы бул күндү 24 саат бою күч колдонбоо, тагыраагы зордук-зомбулукка жол бербөө жана ок атпоо режимин сактоо менен тынчтыктын идеалдарын бекемдөөгө арналган күн катары жарыялаган.

Бул күн улуттардын жана өлкөлөрдүн ортосунда тынчтык мамилелерди бекемдөөгө арналган.

Жыл сайын 21-сентябрда БУУда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, салттуу түрдө Тынчтык коңгуроосу кагылат. Салтанат БУУнун Башкы катчысынын кайрылуусу менен башталат, андан соң ал коңгуроо кагат.

Бир мүнөттүк тынчтыктан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагасы кайрылуу жасайт.

Эл аралык Тынчтык күнүнө карата 2020-жылдын темасы “Тынчтыкты бирге куралы” деп аталат. Бул күндү пандемияга каршы мээримдүүлүк, боорукердик жана үмүт таркатуу менен белгилеңиз.

БУУнун расмий сайтында: «Биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Тескерисинче, биздин жалпы душманыбыз — биздин ден-соолугубузга, коопсуздугубузга жана жашоо мүнөзүбүзгө коркунуч келтирген вирус. COVID-19 дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, планетанын бир бөлүгүндө болуп жаткан окуялар бардык адамдарга таасир этиши мүмкүн экендигин күч менен эскертти”, — деп айтылат.

COVID-19ду жеңүү үчүн күрөшүп жатканда, дүйнө жүзү биригип, бул бороонду кантип көтөрүп, планетабызды айыктырып, аны жакшы жакка өзгөртүү боюнча ой бөлүшүүгө чакырат.

“Жанаша тура албасак дагы, чогуу кыялдансак болот”

Дүйнөдө бул күнгө арналган бир катар иш-чаралар жүрүп жатат. Алсак, жаш ыктыярчы Афганистандын Балх провинциясынын борбору Мазари-Шариф шаарында эл аралык Тынчтык күнүнө карата дубалга сүрөт тартты.

Тынчтык — бул ар бир согуп жаткан жүрөктүн каалоосу. Тынчтык — бул элдин үмүтү, ар бир саясатчынын убадасы.

Эл аралык тынчтык күнү 1981-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан негизделген. Жыйырма жылдан кийин, 2001-жылы, Башкы Ассамблея бир добуштан бул күндү күч колдонбоо жана ок атышпоо мезгили деп бекиткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM