Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтс пандемия 2022-жылы бүтөрүн айтууда

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 297 | 0

Microsoft компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтс коронавирус пандемиясы жакшы жагдайда 2022-жылы аяктарын айтат. Бул тууралуу ал Fox телеканалына берген маегинде билдирди.

— Эпидемиянын соңу 2022-жылдарга барып калат. Ошентсе да 2021-жылы биз талаптарды так аткаруу менен, күрөшүүгө глобалдык түрдө киришсек, вирустун жайылышынын алдын алсак болот. Учурда технология бар, вакциналар чыгып жатат, бул жаатында атайын мыкты адистер иштеп жатат. Ошондуктан бул кырдаал түбөлүккө созулбайт демекчимин,- дейт Билл Гейтс.

Белгилей кетсек, COVID-19 менен күрөшүү үчүн миллиардер жеке фондунан 650 млн доллардан ашык кайрымдуулук кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM