Биз менен байланышыңыз

Гвинеянын президенти эмгек министрин көчөдө сабап салды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 765 | 0

Интернетте Гвинея Республикасынын президенти, 83 жаштагы Альфа Конденин эмгек министрин көчөдө жүргөндөрдүн көзүнчө сабап жаткан видеосу тарады.

Бул видео түркиялык Milli Gazete басылмасынын сайтында жарыяланды.

Кабарларга караганда, Гвинеянын президенти министрди өзүнүн милдеттерин аткарган жок жана жумушуна суук мамиле жасады деп айыптап, ачууланып көчөдө сабай баштаган. Ал эми министр качып кутулган.

Белгилей кетсек, Альфа Конде кийинки президенттик шайлоого катышууну чечиши анын атаандаштарынын нааразычылыгына алып келген. Эгер Конде шайлоодо жеңип чыкса, бул анын үчүнчү президенттик мөөнөтү болот.

2020-жылы март айында Гвинея өлкөнүн конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөргөн. Конденин жактоочулары ал реформа үчүн шайлоого катышууга дагы бир мүмкүнчүлүк алганын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM