Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Чолпонбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 646 | 0

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал бир канча саат суракта болуп, коронавируска каршы тапшырган анализи таза чыккандан кийин камалды.

Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда «шалаакылык» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган.


Жээнбеков министрге: Мен январда айткам, даярдангыла деп… (видео)


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын апрель айына чейин саламаттыкты сактоо министри болуп иштеди. Аны президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустун алдын алууда жакшы даярдык көрүлбөгөнү үчүн сынга алгандан кийин, арыз жазып кызматын тапшырган.

Чолпонбаевдин кызматтан кетүүсү Кыргызстанда коронавирус инфекциясы күчөп кеткен учурга дал келип, коомчулуктун сынына кабылган.

Башкы прокуратура өкмөттүн жооптуу адамдарына коронавирус боюнча иш козгоду

Copyright © 2017 Maral FM