Биз менен байланышыңыз

Быйыл 165 абитуриент чет элдик ЖОЖдорго өттү

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 398 | 0

Быйыл 165 кыргызстандык студент чет элдик жогорку окуу жайларга тапшырды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде айтты.

Венгриянын жогорку окуу жайларына 75, Беларуска 10, Казакстанга 5, Кытайга 70 жана Латвияга 5 студент өткөн.

Исаковдун айтымында, чет элдик ЖОЖдорго окууга тандоо ачык-айкын жүргүзүлдү. Ата-энелер тарабынан нааразычылыктар болгон эмес.

Венгрия, Кытай, Индия: Кыргызстанга берилген гранттык орундарга тапшыруунун шарттары

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM