Биз менен байланышыңыз

Төрага Жумабеков жаш үй-бүлөгө 50 миң сом сүйүнчү берди

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 1196 | 0

«Кыргызстан» партиясынын талапкери, Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Таластын Кызыл-Адыр айылынын тургуну жаңы төрөлгөн уулуна Дастанбек Жумабековдун атын берген. Спикер Таласка жасаган иш сапары алкагында бул үй-бүлө менен таанышкан.

Ал акыркы 28 жылда мамлекет тарабынан жаш үй-бүлөлөргө жана ымыркайларга жетиштүү көңүл бурулбаганын айтты.

«Жогорку Кеңеш 2018-жылы бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын көлөмү 4-5 миң сом. Бул — биздин долбоордун баштапкы кадамы. Өлкө экономикасынын өнүгүшү менен бул сумма да өсөт. Эгер азыр “сүйүнчү” 4 миң сом болсо, кийинки жылы 10 миңге чейин көбөйөт, бир жылдан кийин 15 миң сом болот», -деди төрага.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Дастанбек Жумабеков жаш энеге үй-бүлөсүнүн атынан 50 миң сом ыйгарды. Ал жакынкы убакта өлкөдө төрөлгөн ар бир ымыркайга ушундай сүйүнчү пул төлөнөрүн айтты.

Учурда бул жагдай коомчулукта катуу талкууга алынып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз кызматын пайдаланып, үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурс болуп эсептелерин фейсбуктагы баракчасына жазды.

 

Copyright © 2017 Maral FM