Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 71 учуру катталды

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 371 | 0

Кыргызстанда 15-сентябрга карата коронавирустун жаңы 71 учуру катталды. Алар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:

— Бишкек — 13;
— Ош — 3;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусунда  23 учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 999го жетти. Учурда 502 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат, 1890 бейтап үй шартында дарыланууда.

Өткөн сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 80 бейтап сакайды. Алар:
— Бишкек шаарында – 22;
— Ош шаары – 3;
—  Чүй облусу – 11;
— Ош облусу – 7;
— Талас облусу – 2;
— Ысык-Көл облусу – 114
— Жалал-Абад облусу – 15;
— Баткен облусу боюнча 9 бейтап айыкты.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, андан айыккандардын саны 41 миң 103тү түздү.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Баткен облусунда катталды. Ошол эле учурда ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.

COVID-19 вирусу 3174 медициналык кызматкерге жукту. Алардын ичинен 2710 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM