Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Айрым импорттолуучу товарлар салыктан бошотулду

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 400 | 0

Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан бошотту.  Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Бул чечим 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт. Ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюму төмөнкү товарлар үчүн колдонулат:

— дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;

— атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;

— көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;

— токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;

— компьютердик томография;

— медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер;

— медициналык жана хирургиялык эмеректер;

— негатоскоптор.

Кыргызстанга ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү кошумча нарк салыгы коюму Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мындай товарлардын максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат. Анда номенклатурасы, саны, мындай товарлардын баасы, ошондой эле ушундай ташууларды ишке ашырган уюм же жак тууралуу маалымат камтылат.

Copyright © 2017 Maral FM