Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Кыргызстанда жумушсуздардын саны 100 миңге жетти

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 399 | 0

2020-жылдын 1-сентябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуз жарандардын саны 100 миңди түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Жумушсуздуктун жөлөкпулун алгандардын жалпы саны 215ти түзүүдө. Кесип тандоо боюнча 50 782 адам консультация алган.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8423 жумушсуз жаран ишке орноштурулган. Эмгек рыногунун талаптарын эске алып, 3714 адам кесиптик окутууга жөнөтүлгөн.

Кесиптик окутуулар ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар эсепчи, ашпозчу, тигүүчү, офис-менеджер, электромонтаждоочу, айдоочу жана башка кесиптер боюнча жүргүзүлүүдө. 

2020-жылдын 1-сентябрына карата бош орундардын саны 11 993 бирдикти түзгөн. 2692 жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 37 адам талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM