Биз менен байланышыңыз

15-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 355 | 0

15-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Күндүз Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында Чүй, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күнзүз +23…+28;

Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Баткенде түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31 градус;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23.

Бишкекте 15-сентябрда жаан жаабайт. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM