Connect with us

Айып аянтчасынан машине уурдоого шектелген аткаминердин баласы эки айга камалды

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 373 | 0

Айып короосуна токтотулган эки унааны уурдоого шектелип кармалган аткаминердин баласы тергөө абагына камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Аткезчилик менен алып келинип, айып аянтчасына токтотулган унааны уурдоого Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын уулу Аброр Сабиров шектелип кармалган. Аталган агенттикти учурда Шухрат Сабиров жетектейт.

12-сентябрда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган.

8-сентябрда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы Канттагы айып аянтчасына коюлган эки унаа уурдалганын кабарлаган. 3-сентябрь күнү «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын жүк бөлүгүндө «Тойота Альфард» жана «Хонда Элюзион» үлгүсүндөгү оң рулдуу унаалар аныкталган. Алар документтерде унаа тетиктери катары көрсөтүлгөн.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 230-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Кийинки күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган унаалар текшерилип, далил буюм катары Чүй облусунун Люксембург айылындагы айып аянтчасына коюлган.

7-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар ал унааларды айып аянтчасынан уурдап кетишкен. Буга байланыштуу Ысык-Ата райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM