Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 101 млн куб метрге жетти

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 416 | 0

Бүгүн, 14-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 101 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Суунун агып келиши секундасына 373 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 286 куб метрге жетүүдө.

Өткөн жумада Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15 млрд 79 млн куб метрди түзүп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM