Биз менен байланышыңыз

Боронов: Банктагы маалыматтарды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүү керек

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 340 | 0

Финансылык уюмдар аймактарды өнүктүрүүгө, айыл чарбасын каржылоого багытталган мамлекеттик программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүшү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында, Аксы районунун Кербен шаарындагы «РСК Банкынын» өкүлчүлүгүнүн ишин эскертүүсүз текшерип барган учурда билдирди.

«Банктын имаратынын алдында турган тактачада мамлекеттик  программаларды каржылоонун жол-жобосу так, түшүнүктүү жазылып туруш керек. Бул иштер банктын филиалында жетиштүү деңгээлде аткарылган эмес. Жөнөкөй жаран банкка келип,  мисалы, «Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасынын алкагында берилүүчү насыя алайын десе, кайсы документтерди топтоо керектиги боюнча элементардык маалымат көрүнбөйт. Ушундай майда нерселер жарандардын нааразычылыгын жаратат», — деди өкмөт башчы.

Ал кеңседеги санариптештирүү багытындагы иштерди да сындады. Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик программалардын алкагында насыя алуучулардан талап кылынуучу документтердин үчөөсү гана кагаз түрүндө, калгандары «Түндүк» электрондук системасы аркылуу алынат.

Өкмөт башчы бул шарттарды банкка келген насыя алуучуларга так түшүндүрүү зарыл экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM