Биз менен байланышыңыз

Назира Айтбекова «Жөн эле ойлорун» китеп кылып чыгарды

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 2141 | 0

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова «Жөн эле ойлор» аталышындагы китебин чыгарды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна эмгектин автору кабарлап, китеп жөнүндө айтып берди.

«Жөн эле ойлор» аттуу китеп үч жүзгө жакын бет болуп, 500 тираж менен чыкты. Китепте Назира Айтбекованын жан дүйнөсүнөн чыккан өзгөчө ойлору жазылды. Аны Бишкектеги «Данек» жана «Мираж» китеп дүкөндөрүнөн тапса болот.

Китептин артыкчылыгы — андагы өзгөчө ойлор. Автор айым жолдошу менен эки айры жолго түшкөндө мырзаларды катуу айыптаган, жек көргөн, ыйлаган учурлары болгонун айтат. Китепте ошол оор учурду кантип жеңгени, сезимдери, жалпы аялзатынын жан дүйнөсү жөнүндө жазылган.

-Бул менин биринчи китебим, алгачкы балам төрөлгөндөй эле абдан сүйүнүп жатам. Китепте менин жан дүйнөмдөн жанчылып чыккан ойлорум жазылды. Өзгөчө, 2017-жылы жолдошумдан ажырашкандан кийин ички дүйнөмдө болуп өткөн, кубулжуган, башкача сезимдеримди сөзгө ородум. Буркан-шаркан сезимдеримди сыя кылып, ак баракка төктүм. Көптөн бери Фейсбук, Инстаграмга жазып жүрдүм эле, көп күйөрман топтолду. Алар аны китеп кылып чыгарууну көп суранышты. «Сен эмнеге жазбай калдың?» деп күткөндөр да бар экен. «Сенин жазгандарыңдан кийин жан дүйнөм, оюм өзгөрдү» дегендер да болду, улуу муундагы эже-апалар да бар экен. «Жашоого башкачараак караганга, балдарымды жакшыраак түшүнгөнгө себепчи болду» дегендер бар. Мен бул айтылгандардан дем, шыкак алып, жакындарымдын жардамы менен ойлорумду китеп кылып чыгардым. 

«Жөн эле ойлор» китеби 2017-жылы жазыла баштаган. Автор көкүрөгүндө толгон ойлорун буга чейин социалдык тармактагы баракчаларына чыгарып келген. Интернетке жазылган ойлорду Мунара Алимжан кызы чогулткан, китептин редактору Эрлан Жумагазиев, сүрөтчүсү Самат Асылкеримов.

Акчасын болсо өзүм эле каржыладым. Тапкан-ташыганымды короттум, өзүмдүн жакындарым, досторума карыз болуп, ар-жак бер жактан чаптап атып, 500 эле тираж чыгара алдым. Эми буюрса, элдин суранычы болсо, китептерим жакшы өтүп калса, дагы чыгарам деген оюм бар. Москвадагы күйөрмандарыма да жөнөтүп жатам. Бул китепти окуган адам мени, аялдардын жан дүйнөсүн аябай жакшы түшүнүп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM