Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 277 | 0

Кыргызгидромет борборунун божомолу боюнча, 12-сентябрда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус болот.

Бишкек шаарында 12-сентябрда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  түнкүсүн +10…+12°, күндүз +22…+24° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM