Биз менен байланышыңыз

16-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 874 | 0

Кыргызгидромет борбору 12-сентябрдан 16-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-сентябрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

14-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан жаабайт.

15-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда күндүз жана 16-сентябрда аталган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

12-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда күндүз жана 13-сентябрда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда жаан жаабайт.

15-сентябрда түнкүсүн өткүн өтөт.

15-сентябрда күндүз жана 16-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарында жана Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Баткен облусунда жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-сентябрда жана 14-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт.

14-сентябрда күндүз жана 15-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Баткен облусунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда күндүз жана 16-сентябрда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда күндүз жана 13-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-сентябрда күндүз Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт.

15-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт.

16-сентябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

12-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда күндүз жана 13-сентябрда түнкүсүн жаан-жаап, күн күркүрөйт.

13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда жаан-чачын болбойт.

15-сентябрда жаан-жаап, күн күркүрөйт.

16-сентябрда жаан жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда жана 14-сентябрда күндүз 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

13-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтөт.

13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт.

14-сентябрда күндүз жана 15-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт.

15-сентябрда күндүз жана 16-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM