Connect with us

Унаа салыгын төлөөдөн кечиккендер 158 млн сом төгүштү

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 482 | 0

Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан бери 10 күндүн ичинде жарандар 158,5 млн сом салык төлөштү. Жыл башынан бери жалпы 685,5 млн сом транспорт салыгы чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. 

Унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган, бирок ага карабастан салыктарды кабыл алуу уланууда. 

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери, негизги суммадан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1000 сом, юридикалык жактар үчүн – 5000 сомду түзөт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган жарандарды чыгымга учурап калбашы үчүн салыкты убагында төлөөгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM