Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 22 медициналык кызматкер айыкты

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 386 | 0

Кыргызстанда 11-сентябрга карата коронавирустун жаңы 77 учуру катталды. Бишкек шаарында — 17 учур, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда -5, Ош облусунда — 9 учур, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 9, Жалал-Абад облусу — 13, Баткен облусунда  19 учур катталды.

Өлкөдө COVID-19 илдетинин жалпы катталган учурлары 44 миң 761ге жетти.

Учурда ооруканаларда 514 бейтап дарыланып жатат, амбулатордук дарыланууда 2165 бейтап бар. Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Акыркы бир сутка ичинде 144 бейтап сакайды. Учурда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 40 миң 631ге жетти.

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле учурда 22 медкызматкер сакайышты.

COVID-19 илдети 3163 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2657си айыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM