Биз менен байланышыңыз

Ош – Баткен – Исфана жолундагы кырсыкта эки адам каза болду

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 495 | 0

Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) жол кырсыгы катталып, эки адам мерт кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-сентябрда таңкы саат 06:30 чамасында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаа оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 28 жана 15 жаштагы эки жаран жабыркап, 53, 46 жаштагы эки адам ооруканада каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM