Биз менен байланышыңыз

Түркияда Чыңгыз Айтматов тууралуу 2 томдук макалалар жыйнагы чыкты

Түркияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу 2 томдук макалалар жыйнагы чыкты. Мындай кабарды Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу, адабиятчы Гүлзада Станалиева кабарлады.

«Bozkırın Uyanışı CENGIZ AYTMATOV» аттуу 2 томдук китепке 23 өлкөдөн 98 тилчи-адабиятчынын макалалары жарыяланган. Анын ичинде кыргызстандык авторлордун 52 макаласы кошулду.

Түрк тилинде чыккан бул эки томдук Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун баш сөздөрү менен жарык көрдү.

10-сентбярда Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту китептин бет ачарын өткөрдү.

Китептин чыгышына жана макалалардын түрк тилине которулушуна Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен академик Абдылдажан Акматалиев салым кошкон. Эмгек улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата чыгарылды. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM