Биз менен байланышыңыз

2021-2025-жылдарга укуктук саясаттын концепциясы иштелип чыкты

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 373 | 0

Юстиция министрлиги тарабынан 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын Концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Анда жакынкы беш жылга мамлекеттин укуктук саясатын түзүү үчүн жалпыга милдеттүү багыттар аныкталган.

Концепциянын башкы максаты мындай өнүктүрүүнүн багыттарын макулдашып тандоо жолу менен укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Концепция ченем жаратуу, укуктук агартуу маселелеринде, мамлекет жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүдѳ болгон бир катар маанилүү маселелерди камтыйт.

Ошол эле учурда, Концепция учурдагы гана көйгөйлөрдү эмес, аларды чечүүнү камсыз кылуучу чараларды да камтыйт.

Концепциянын базасында мамлекеттин укуктук саясатынын ар кандай багыттары боюнча тармактык программалар иштелип чыгат жана кабыл алынат.

Концепциянын долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM