Биз менен байланышыңыз

Казакстан жана Өзбекстан менен аба каттамдары жанданат

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 339 | 0

Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен аба каттамдарды жандандырат. 14-сентябрдан баштап Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча, ал эми 17-сентябрдан баштап Алматы-Бишкек-Алматы багыты боюнча туруктуу каттамдар аткарылат.

Учурда жогоруда айтылган каттамдарды жандандыруу боюнча иш алып барылууда.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, авиабилеттер сатыла баштады. Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу жана Алматыга жумасына 2 жолу ишке ашат. Кийинчерээк алардын саны көбөйтүлөт.

2020-жылдын 10-августунан бери Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен  үзгүлтүксүз каттамдарды жанданткан.

Учурда  төмөнкү багыттар боюнча каттамдар жүргүзүлүүдө:

«Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу, Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу.

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу.

-«Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу, Анталья — Бишкек – Анталья багыты боюнча жумасына 1 жолу.

-«Флай Дубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 3 жолу.

-«Эйр Арабия» авиакомпаниясы Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча жумасына 1 жолу.

Азыркы күндө, Орусиядан Кыргызстанга чартердик авиакаттамдар жүргүзүлүүдө, атап айтканда: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларынан. Ал эми туруктуу каттамдарды ишке ашыруу тууралуу эки өлкөнүн тийиштүү органдары иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM