Биз менен байланышыңыз

Балдарды үйүндө окуткан мугалимге министр ноутбук алып берди

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 792 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды.

Мугалимге ноутбукту 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырды.

Мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Ал талкууга алынгандан кийин министрлик окуянын чоо-жайын тактап, мугалимдин аты-жөнүн сураштырган.

Министрликтин маалыматында, Баткендеги Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырганын кабарлаган. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан бери Миргүл Эшимова кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

Билим берүү министрлиги мугалимдин бул аракетин балдарга билим берүүгө болгон каалоо, өз кесибин сүйгөндүк катары сыпаттап, окуучуларга билим билим берүүдөгү ынтызарлыгын баалаган.

Министрлик: Окуучуларды үйүндө окуткан мугалимге техникалык колдоo көрсөтүлөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM