Биз менен байланышыңыз

Ошто 7 миң жумуш ордун камсыздаган текстиль фабрикасы курулууда

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 608 | 1

Ош шаарында 7 миңдей адамды жумуш менен камсыздай турган текстиль фабрикасы курулууда. Бул тууралуу 9-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарындагы текстиль фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышып жатканында белгилүү болду.

Ишкер Нурбек Осмоновдун берген маалыматы боюнча, текстиль фабрикасы кийим-кечек, шымдарды, трикотаж буюмдарын, ошондой эле кездемелерди жана тиешелүү буюм-тайымдарды чыгарат.

Ишкананын 1 жылга пландаган кубаттуулугу 10 миллион даана ар түрдүү кийим-кечек, 1,5 миң тонна жүн, 4,5 миллион погон метр кездемени түзөт.

Өндүрүштө Япония менен Германиянын шаймандары колдонулат.

Жалпы тартылган инвестициялардын көлөмү 38 миллион доллардан ашык, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Фабриканын куруучулары өндүрүшкө өздөрүнүн 19 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттарын жумшап, ошондой эле «РСК Банк» тарабынан 6 миллион доллар өлчөмүндө насыялык ресурстар берилген. Келечекте Кыргыз-орус өнүгүү фонду менен кызматташууну баштоо пландалган.

Текстиль фабрикасы толук кандуу ишке киргенде, 1000ден 7000ге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Фабрика жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылгандыктан, келечекте аны ата мекендик дыйкандардан сатып алуу пландалууда. Бул максатта Кара-Суу жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду куруу белгиленген. Муну менен катар пахта майын өндүрүүчү завод курулмакчы.

Бүгүнкү күндө жалпы аянты 23 миң чарчы метр болгон эки тигүүчү цехтин, эмкананын, ашкананын, лабораториянын жана административдик имараттын курулушу аяктап жатат.

Президент «Кыргызстанда жасалган» бренди бир эле экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларында эмес, жеңил өнөр жай продукцияларында дагы ийгиликтүү болорун белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Иминахунова Бактыгул

    10.09.2020 11:23

    Аллахга шугур талкаланып сатылып буткон текстил комбинат менен май заводу ордуна келтирилсе карапайым элге иш орду болот экен.Маашалла жакшы жанылык укканыма ото кубанычтамын

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM